Депутат спикер менен чогуу вице-спикерлерлер да кетиши керектигин айтты

Депутат Руслан Жакышов Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун отставкасынан кийин сөз сүйлөп, вице-спикерлерди да кызматтан кетүүгө чакырды.

«Чогуу келгенден кийин төраганы колдоп, үчөөңөр тең чогуу кетсеңер адилеттүүлүк болот го деп ойлойм. Менин сунушум ошол», — деди ал.