Депутат жогорку кызматтагылар балдарын кайда иштетерин айтып берди

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун карашты.

Мыйзам долбоорун биринчи окууда экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов алып чыкты. Талкууда депутат Жанарбек Акаев жогорку кызматтагы адамдардын балдарынын баары MegaCom компаниясында иштеп жатканын айтты.

«Кандай гана чиновник болбосун, балдарына же туугандарына жумуш таап берүү керек болсо, MegaCom компаниясына чалып, бул тармакта адиспи же жокпу, ал жакка жумушка орноштурууну суранат», — деди ал.

Анын айтымында, бул компаниядан тышкары аткаминерлер балдарын «Кумтөргө» ишке киргизишет.