Депутат Казакстанга берилген пансионаттар боюнча келишим жокко чыгышы керектигин айтты

«Бүгүнкү күндө 4 пансионат Казакстандын министрликтеринин алдында болгондуктан, биз сураган 3-4 жылдыздуу отелдерди курууга каражаты жок экен». Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Самат Шатманов Жогорку Кеңештин Транспорт боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Казак тарап макулдашууга инвесторлорду тартуу боюнча өзгөртүү киргизип берүүбүздү суранышкан. Бүгүн оозеки сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 1962-жылдан баштап эле ээлик кылып келген. Эгемендүүлүк алынгандан кийин 49 жылга убактылуу пайдаланууга берилген. Ошонун негизинде, 4 пансионатта жеңил оңдоолор жүрүп, капиталдык ремонт жүргөн эмес. Азыр сунуштарды алдык. Инвестор тартуу боюнча келишсек, башталат», — деди ал.

Депутат Улугбек Ормоновдун айтымында, Казакстан Кыргызстан  менен келишимдин шарттарын аткарбагандыктан, аны жокко чыгарышы керек. «Алар ким менен курат, эмне курат биздин эмне ишибиз бар? Биз 49 жылга бердик. Талап койдук. Аткарылган жокпу, келишим жокко чыгышы керек», — деди ал.