Маматалиев: «ККМ боюнча элди козгоп, президентти ыңгайсыз абалга кептеген аткаминерлер жооп бериши керек»

Президент Садыр Жапаров «Дордой» базарына барып, ККМге каршылыгын билдирген соодагерлер менен жолугушуу өткөрдү. Өлкө башчысы 2024-жылдын июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берип, салыкчылардын да буга даяр эместигин айтты. Буга депутаттар эмне дешет?

«Биз мыйзамды мурдагы жылдын апрель айында кабыл алганбыз. Кабыл алып жатканда деле маселе оорчундуу болчу. 6 айга жылдыргыла дегенбиз. Бизди баары айтылды деп ишендиришкен. Андай болгон жок. Тийиштүү аткаминерлер жооп бериши керек. Анткени элди козгоду, президентти ыңгайсыз абалга алып келди. Бул туура эмес көрүнүш», — деди депутат Марлен Маматалиев.