Депутат комитетте казино боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда түз эфир өчүрүлгөнүн билдирди

Бюджеттик комитетте казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун карап жатабыз. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Бул маселеге кайрыларыбыз менен Жогорку Кеңеш баракчасындагы түз эфир өчүрүлдү», — деп жазды ал. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан техникалык мүчүлүштүк кеткенин билдиришти.