Депутат: «Коомдук тартипти бузган окуучулар аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары эмес»

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Мирлан Самыйкожо мугалимди мазактаган окуучулардын ата-энелерине айып салуу боюнча мыйзам долбоору боюнча баяндама окуду. Анын айтымында, эң аз айып пул 2 миң сом. Ошондой эле 20 миң сомдук да айып бар.

Депутат Ырысбек Атажанов бул айып пулдар аз экенин айтты. Мирлан Самыйкожо айып пулдун баасы талкуудан кийин коюлганын, айрым үй-бүлөлөргө 2 миң сом да көп акча экенин айтты.

«Коомдук тартипти бузган окуучулар аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары эмес. Коомдо көрүп жатабыз да. Баары эле колунда бар, байлардын балдары болуп жатат. Дагы бир жолу карап көрсөңүздөр. Бул мыйзамды колдойбуз. Балага тарбияны ата-эне бериши керек», — деди Атажанов.