Депутат Козуев: «Энергетика министринен мындайды эч ким күткөн эмес»

«Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышында депутаттарга президенттин командасы тууралуу суроо менен кайрылууну чечтик. Буга президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Министлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун соцтармакта негизсиз караланып жатат деп айтканы түрткү болду.

Депутат Алишер Козуевдин айтымында, ар бир министрликтин өзүнүн күчтүү тармактары бар. «Мисалы, азыр энергетика тармагын алсак, министр Ибраев алгылыктуу, күчтүү кадр. Андан муну эч ким күткөн эмес. Ташиевди айтпасак деле билебиз, көрүп жатпайбызбы»,- деди ал.