Депутат «Кыргыз темир жолунун» башчысына: «Кооз сүйлөп, ак боло бербей, кимдин таанышы, ким аркылуу ишке келгенин айтыңыз»

«Сиз иштебеген адамдарга айлык бердиңиз, бул күнөөңүздү мойнуңузга аласызбы?» — деди депутат Тазабек Икрамов «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиевге.

«Ким иштебей жатат?» — деди жетекчиси. Икрамов мурдагы министр боюнча айтып жатканын белгиледи. «Сиз кол коюп берген үчүн ал акча алды да. Анан эмне өзүңүздү тим эле ак кылып жатасыз, тигинин таанышы, мунун таанышы… Баарын айткыла да, кимдин таанышы, ким аркылуу экенин. Бул жерде кооз сүйлөгөндүн кереги жок», — деди депутат.

«Мен кооз сүйлөгөн жокмун. Далилдеп бериш керек. Прокуратура карап жатат», — деди жетекчи.