Депутат: «Кыргызстанда да бетти жапкан кийим кийүүгө тыюу салыш керек»

«Капкара болуп паранжа кийгендер көбөйдү». Бул тууралуу депутат Шарапаткан Мажитова билдирди.

«Өзбекстанда мыйзам кирди. Ошол бизге да керек. Жоолук салынсын, бирок бетин чүмкөгөн кооптуу. Ошол үчүн ушул боюнча тапшырма берип, мамлекеттик чара көрүлүшү керек», — деди ал.

Өзбекстанда коомдук жайларда бетти жапкан же бетинен таанууга оор болгон кийимди кийүүгө тыюу салуу каралган мыйзамга толуктоолор кабыл алынып, тыюу салынган.