Депутат: «Лейлекте 17300 адам жер тилкелерди алуу үчүн кезекте турат»

Бүгүн, 20-сентябрда «Элдик» депутаттык тобу Кыргыз жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун жаңы «Менин үйүм» программасын ишке ашыруу тууралуу маалымат укту.

Эл өкүлү Кубанычбек Самаков үлүштүк курулуштун алкагында ипотекалык насыя берүүнүн тартиби жана механизмдери, жеке жактарга сатуунун ордуна Бишкектеги ипподромдун аймагына турак-жай куруу тууралуу маселелерди ортого салды. Депутат Жалолиддин Нарбаев МИКтин мындай темп менен иштей турган болсо 40 миллион чарчы метр турак жайдын тартыштыгын кыскартуу үчүн 40 жылдан ашык убакыт талап кылынарын белгиледи. Ал белгилегендей, МИКтин ишин аймактарда суу менен камсыздоо жана канализация тутумун караштыруу зарылдыгын эске алуу менен системалуу түрдө жүргүзүү зарыл.

Ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев «Элдик» депутаттык тобунун 2024-жылдын 9-февралындагы чечиминин аткарылышына көңүл бурду. Муну менен катар МИК тарабынан Баткен облусунда турак жай куруу маселесин көтөрүп, Лейлек районунда эле 17300 адам жер тилкелерди алуу үчүн кезекте турганын жүйө келтирди. Өз кезегинде депутат Аманкан Кенжебаев МИКтеги кезектин так сакталышына өзгөчө көңүл буруп, Маликов көчөсүндөгү батирлердин жалпы саны жана инфраструктурасын өнүктүрүү маселесине токтолду.