Депутат: «Лейлекте бир катар объектилер каражаттын тартыштыгынан бүтпөй жатат»

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу 2024-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун карашты. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев баштаган тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты.

2024-жылга мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эсепке алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 378 437,9 миллион сом суммасында каралган. Чыгашаларынын жалпы суммасы 358 794,4 миллион сом өлчөмүндө белгиленет.

Ички иштер органдарынын ардагерлеринин пенсияларын көтөрүү боюнча финансы министринин планын сураган депутат Сүйүнбек Өмүрзаков жыл сайын ички иштер органдарынын сапар чыгымдары, кийим кечекке бөлүнгөн каражаттар толук берилбей турганын айтып сындады. Финансы министри Алмаз Бакетаев бул тармактын ардагерлеринин пенсиясы кызматкерлердин эмгек акысынын көтөрүлүшү менен байланыштуу экендигин кошумчалады.
Депутат Алишер Козуев 2023-жылы социалдык контракт боюнча бөлүнгөн 1 миллиард сом каражаттарды тактап, анын кийинки жылга карата бөлүү пландарына кызыкты. Ошондой эле, депутат ички карыздын эсебин сурап, ага финансы министри жалпы мамлекеттик карыз 5,846 миллиард доллар деп жооп берди.
Депутат Гүлшаркан Култаева жеке жактарга карата милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшыруу маселесин сурап, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше салыгы жана унаа салыктарын тактады.
Депутат Миргүл Темирбаева башталган социалдык объектилерди бүтүрүү маселесин көтөрдү. Анын айтымында, Лейлек районундагы бир катар объектилер каражаттын тартыштыгынан бүтпөй келет.