Депутат: «Майыптыгы бар адамга кол көтөрүү — бул айбандын иши»

«Майыптыгы бар адамдарды аёосуз урган оорукананын жетекчиси жана кызматкерлери жооп бериши керек». Депутат Ырысбек Атажанов бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында бул окуя боюнча оорукананын жетекчиси жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтып, тиешелүү органдарды тыкыр иликтөөгө чакырды.

«Төбө чачты тик тургузган окуя Кадамжай районундагы психоневрологиялык ооруканада болгон. Аталган окуя социалдык тармактарга тарап, учурда коомчулуктан нааразычылыгын жаратууда», — деди депутат.