Депутат Малиев менен Министрлер кабинетинин башчысы Жапаров айтыша кетти

Депутат Арстанбек Малиев бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бюджет жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда, Тоң менен Жети-Өгүзгө социалдык объектилер курулбаганына наарызылыгын айтты.

Эл өкүлү «сиз былтыр эки мектепти киргиздиңиз эле, бирок анын долбоору эле бүттү» деди. Ага Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров «демек, эмдиги жылы бүтөт» деп жооп берди.