Депутат Маматалиев: «Казакстанга суу бербей коёлу деп айтарым менен жылыш болду»

«Казакстанга суу бербей коёлу деп айтарым менен жылыш болду». Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев SuperTV каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

«Казакстанга суу бербей коёлу деп парламентте айтарым менен эле тыянак чыкты. Президенттин маалымат катчысы тарабынан болгон реакция да дароо болгону ошондон. Казакстандын Кыргызстандагы элчиси менен жолуктум. Жакшы жылыштар болду. Казакстанда да азыр жазгы жумуштары жүрүп, сууга аябай муктаж болуп жаткан кез. Мен бул маселеде Кыргыз жарандарына гана күйүп жатам. Эмне үчүн ЕАЭБге киргенбиз? Биз аталган биримдикке бул союзге кирген мамлекеттерде унаа текшерилбейт деген шартта киргенбиз. Айтылган соң, демек, текшерилбеши керек. Кийим тигип, экспортко жиберип жаткандардын товары чек арада кармалып, сезон өтүп кетип жатат. Жашылча-жемиш ташыгандар бар. Эмне үчүн алар жабыркашы керек? Катуу күрөшүшүбүз керек», — деди депутат.