Депутат Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча эмнеге ачык маалымат айтылбай жатканына кызыкты

Бүгүн, 15-июнда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча эмнеге ачык маалымат берилбей жатканына кызыкты.

«Социалдык тармактарда Марат Казакпаевге карата басым болгон деген маалыматтар чыгып жатат. Жубайы ал тууралуу арызданып жатат. Бакыт Токталиевич, сиз жеке өзүңүз Казакпаев менен жолуктуңуз беле? Ал эч кандай басым болбогонун айткан болсо, эмнеге ошол маалыматты ачык элге чыгып айтпайсыз? Сиз ишиңизди жакшы аткарбай жатасыз», — деди депутат.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков саясат таануучуга жеке өзү жолукканын, Казакпаев ага эч кандай басым, кордук көрсөтүлбөгөнүн айтканын билдирген. «Марат Казакпаев болгону тергөөчү СИЗО-1ге которгону жатканын айтты. Ошондой эле ага медициналык жардам керектигин билдирди. Ал киши текшерүүдөн өткөрүлүп, ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы, экинчи кайрылуусунун жыйынтыгына жетпей калдык», — деди Бакыт Рысбеков.