Депутат Масалиев: «Эдил Байсалов кызматын тапшырып, каалагандай сүйлөсө болот»

Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев да Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго чара көрүү керектигин айтты.

«Бул жерде эскертүү эмес, чара көрүлүшү керек. Мыйзамда так жазылган. Кызматын тапшырып, каалагандай сүйлөсө болот. Аткаруу бийликти бир киши дайындаган. Ал эми эл шайлаган депутаттарга сын-пикир айтканга укугу жок болуш керек деп жатам да. Ошол үчүн мыйзамга таянып, керек болсо, прокуратурага тапшыргыла. Бул Жогорку Кеңештин ишине кийлигишүү деп эсептелет. Мамлекеттик кылмыш деп эсептелет», — деди депутат.

Буга чейин депутат Нурлан Шакиев Эдил Байсаловдун депутаттарга карата обу жок сөздөрдү айтканга укугу жок экенин айтып чыккан.