Депутат Масалиев президенттин «ууру» дегенине жооп берди

Депутат Исхак Масалиев президент Садыр Жапаровдун аны «ууру» дегенине карата жообун соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«42 жыл мамлекеттик кызматта иштесем, мени «ууру, чет өлкөгө барып миллиондорду уткурган «казиношник» десе, кантип унчукпайм?! Болгондо да — президент айтты. Ал менен маектешкен журналист чоң чагымчыл экен. Мен мурда берген интервьюдагы сөзүмдү такыр башка мааниге салып суроо берди. Президент жинденип, адаттагыдай балп этип сокту.

Мен актанбайм, кажети жок. Ушул жерге маектин үзүндүсүн чыгардым, көргүлө. Садыр иним, сен да көрүп кой, анан жыйынтык чыгар. Эң жогорку бийликтин сыноосун өтүш кыйын, сен тилекке каршы аксап кеттиң акыркы убакытта. Эч качан падыша туугандарын мактабайт, уят болот. Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев деген инсандардан үлнү алсаң адашпайсың. Сени сотко берсемби деген ой пайда болду, бирок сотту ким ээлейт деген суроого өзүм жооп берип, аракеттерди токтоттум. Баса, атам Абсамат Масалиев менен сыймыктанам, арбагы колдосо жаман эмес», — деп жазылат депутаттын билдирүүсүндө.