«Биз казиного добуш бербей добуш берүүнү жокко чыгаралы дегенбиз. Биз максатыбызга жеттик. Түшүнгөн адамдар биздин кадамды туура эле түшүндү». Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде депутат Исхак Масалиев билдирди.
«Спикер тигилердин компьютерлерин өчүрүп койгула деди да. Жаш жигит келип, «өчүрөм» деп калды. Мен компьютерди өчүрө турган ал эмес экенин айттым. Балким төрагага тапшырма берилгендир», — деди ал.
Ал ошондой эле кийинки жыйында «вице-спикердин «парламент тарап эле кетпейлиби» деп айткан сөзүн журналисттер туура эмес түшүнүп калды» дейт.
«Анын ачууланып сүйлөгөн сөзү. Тарап эле кетели деп бизге чакырык кылып жатпайбы. Ал «в жизни» кетпейт, тапшырбайт мандатын. Кызмат алса, кетиши мүмкүн. Жогорку Кеңештин тарыхында сопсоо туруп, мандатып тапшырган саналуу эле киши болгон да. А каршылык үчүн мандат тапшырган учур болгон эмес. Бул жөн эле айтылган сөз»,- деди ал.
29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев «иштей албасак, тарап кетели, мандатты мен биринчи тапшырайын» деген эле.