Депутат Медер Алиев төраганын орун басарына: «Бул атаңыздан мураска калган кызмат эмес»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевге нааразы болду.

«Мен жана микрофон сурасам бербей койдуңуз. Бул жер сиздин жеке фирмаңыз же атаңыздан мураска калган кызмат ордуңуз эмес. Мыйзамга таянып иштейли. Мыйзам менен иштеңиз, мен мыйзамдын сакталышынан башка эч нерсени суранбай элем. Ошол жерге отуруп, депутаттардын укугун коргоп, регламентти сактасын деп биз шайлаганбыз», — деди Алиев.

«Бир маселе үчүн он жолу чыктыңыз. Бул жакта сизден башка да депутаттар бар да. Күтүп жатышат. Бир маселе үчүн бир же эки жолу чыгыңыз, бирок 10 жолу эмес да», — деди төраганын орун басары.