Депутат байпак менен ич кийимге мамлекеттик символдорду баспоону талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев мамлекеттик гербдин сүрөтүн байпактарга баспоону талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-сентябрда Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин жыйынында айтты.

Депутат Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча кызматтан кандай кийимге мамлекеттик символдордун басылышы мүмкүн экенин сурады. Аталган кызматтын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев мындай символдорду каалаган кийимге колдонууга мыйзам жол берерин, чектөө жок экенин айтты.

Депутат буга нааразы болуп: «Гербди, желекти байпактарга басууга болбойт! Керек болсо биздин спортчулар Олимпиадаларга барган учурда дагы футболка, шортага (чолок шым) мамлекеттик символду түшүрсө болот, бирок байпагына болбойт. Анткени ал байпак. Эгер бул долбоор сунушталбаса, бизге сунуштаңыздар. Биз колдоп берели. Герб менен желек биздин ыйык нерсебиз. Мен депутат катары суранам, ушул мыйзамды алып келсеңиз, мисалы, ич кийимге койбойт. Мамлекеттик туу, герб байпакка да коюлбайт», — деди.