Депутат Масалиев: «Менин шайлоочуларымдын, айылдаштарымдын алтын сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок»

Доллар көтөрүлүп, рубль ылдыйлап, бир аптадан бери валюталык рынокто абал туруксуз. Эл эртеңинен эмнени күтөрүн билбей турат. Мындай жагдайда өкмөт чукул түрдө кандай чараларды көрүшү керек? SUPERTV ушундай суроо менен депутаттарга кайрылды.

Депутат Исхак Масалиевдин айтымында, Кытай жана Орусия менен мамиле түзүшүбүз керек. «Мисалы, бизге Украина менен АКШ акча бербейт да. Биз ушул 2 өлкө менен тил табышыбыз керек», — деди ал.

Ал эми президенттин алтын сатып алгыла деген кеңеши бир чети туура деп эсептейт. Бирок шайлоочуларынын, айылдаштарынын алтын сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок деп ойлойт.