Надира Нарматова: «Өмүрүндө соопчулук кылбагандар жаман сөздөр менен сындашты»

Өмүрүндө соопчулук кылбагандар жаман сөздөр менен сындашты. Бул тууралуу SUPERTV’нын «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова билдирди.

Анын айтымында, ал ажылык сапарга, умрага барганды мыйзамдаштырып, жолго салуунун токтомдорун кабыл алып, жол жобосун иштеп чыккан комиссиянын бирөөсү. «Ошол комиссиянын төрагасынын орун басары катары бүт токтомдордо менин колум турат. Муфтияттын канча маселелерин колдоп, демилгелеп келем. Өмүрүндө соопчулук кылбагандар жаман сөздөр менен сындашты. Мен аларга теңелбейм», — деди ал.