Депутат Нуржигит Кадырбеков тууну өзгөртүү боюнча өз пикирин билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев туунун авторлору менен жолугушуп, алар тууну өзгөртүүгө каршы эместигин билдиришти. Алар 10 күн ичинде туунун так вариантын алып келишет. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышында тууну өзгөртүү боюнча депутаттардын оюн угуп көрдүк.

«Бул маселени козгобой деле койсок болмок. Бул эгемендик алгандан берки биринчи туубуз. Легендарлуу парламентте туу боюнча талаш болуп жатканда мен жаш элем. Бирок сыналгыдан көргөм. Ошол мезгилде Жалил Садыков, Төлөгөн Касымбеков, Төлөмүш Океев окшогон залкарлар талашып жатып, кабыл алган туу. Мен алардын деңгээлине жете элекпиз деп эсептейм. Алар кабыл алган тууну биз кантип өзгөртөбүз билбейм. Көз көнүп калгангабы, эң кооз, татынакай биздин туу көрүнөт. Мен логиканы түшүнө албай жатам», — деди ал.