Депутат: «Папан суу сактагычында динозаврдан башкасынын баарынын өлүгү бар»

Папан суу сактагычында динозаврдан башка бардык жаныбардын өлүгү бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов айтып чыгып, тазалаш керектигин билдирди.

«Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүндө Папан суу сактагычы бар. Бул суу сактагычтан Кара-Суу району, Ош шаары, Араван району ошол жерден суу ичишет. Папан суу сактагычынын ичинде иттин, куштун, мышыктын жана башка жаныбарлардын баарынын, жергиликтүүлөр айткандай, динозаврдан башкасынын баарынын өлүгү бар. Ошону тазалаш керек. Тапшырма бергиле. Оорунун баары суудан пайда болот», — деди ал.

Буга чейин жарандык активист Анарбек Катаганов Папан суу сактагычынын айланасы акыр-чикирге толуп калганын айтып чыккан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Баяке уулу Болоткан бул иш көзөмөлгө алынарын билдирген.