Депутат: «Райондорду округдарга бөлүүдө БШКнын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүлдү»

28-августта президент шайлоону дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Мыйзамда так жазылып турат, президент кол койгондон тартып, 7 күн ичинде бир мандаттуу аймактарды БШК бекитиши керек. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Бакиров билдирди.

«Акыркы күн 5-сентябрь болчу. БШК 5-сентябрда бир токтом кабыл алып жатат. 14-сентябрда ал токтомду өзгөртүп, башка токтом кабыл алууда. Бул мыйзамсыз. Эртеңки күнү шайлоону жокко чыгарганга ушул жол ачып жатат. БШКнын мүчөлөрүнө мамлекеттик чиновниктер, мамлекеттик органдын жетекчиликтери түздөн-түз кийлигишип, кысым көрсөтүп, колун кайрып, 14-сентябрдагы чечимди кабыл алдырды. Кара-Кулжада 53 миң шайлоочу бар. Бир райондун элине 3 районду кошуп салып жатат. Бул чиновниктердин кызыкчылыгы болууда. Ош шаарында бир эле мандат кылып коюптур», — деди ал.