Депутат Шайлообек Атазов Түркияда дарыланып жатканын айтты

Өлкөдөн чыгып кеткен депутат Шайлообек Атазов Түркияда дарыланып жатканын жазды.

Мен учурда Түркияда дарыланып жатам. Тилекке каршы, жүрөгүмө атайын медициналык аппараттар орнотулгандыктан, акыркы 4 күндөн бери телефонумду жана башка байланыштарды колдоно албай калдым. Бул талап медициналык сактык чараларынын бир бөлүгү болду. Кудайга шүгүр. Азыр бир кыйла жакшымын. Сиздерден кечирим сурайм. Көптөгөн журналисттер, туугандар, ага-инилер, спортчулар, достор чалган экенсиздер. Убагында жооп бере албадым. Кечирим сурайм. Тынчсызданганыңыздар үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем.

Мындан сырткары, буюртма жазмакерлер аркылуу кесиптешим Айбек Осмонов экөөбүздү өлкөдөн шашылыш чыгып кетти бир тероррист сыяктуу катуу талкуу болгон экен. Мен дарылануу максатында төраганын атына кат жазып, мыйзам чегинде жалгыз келдим.

Депутат Айбек Осмонов бир канча күндөн кийин үй-бүлөсү менен чыгыптыр. Ортобузда бир канча күн айырмачылык бар. Деги эле ден соолуктан ким саясат жасап жатат? Адамдын ден соолугу Кудайдан берилген аманат. Ден соолукту чыңдоо — парз! Эч кимиңиздер оорубаңыздар.

Буюрса, аз күндөрдө дарылануу курсум аяктап барып калам. Ага чейин буюртма заказдарды алып, гыйбат, куру доомат, ушак-айың менен каралап жаткандарга ыйман тилейм!

Урматтуу саясатчылар, фейктер жана башкалар! Бирөөнү каралап жазаардан алдын Кудайдан коркууга чакырам! Ал эми адамдын эркиндиги, укугу, абийири, намысы Конституциябызда корголгон! Биз мыйзамдуу мамлекетте жашайбыз. Мамлекетибизде мыйзамдуулук, адилеттүүлук болушун тилейм”, — деп жазды ал.