Депутат: «Тамтыгы чыккан Жумгал — Ак-Талаа жолуна Акылбек Жапаровдун аты татыктуу болот»

Жумгал — Ак-Талаа жолунун тамтыгы чыгып калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

«120 чакырым жол 40 жылда жасалат. 40 жылда бери жакта жасалган 5 чакырымдын тамтыгы чыгат. Ошол тамтыгы чыккан Жумгал — Ак-Талаа жолуна Жапаровдун атын ыйгаралы деген демилге бар. Акылбек Жапаровдун аты татыктуу болот. Азыр тамтыгы чыккан жолдорго Акылбек Жапаровдун атын ыйгаруу маселеси көтөрүлүшү керек», — деди ал.