Депутат Икрамов: «Түркмөнстандын Конституциясын кабыл алып берип, ошол менен иш кылалы» (видео)

Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов кечээ Ак Үйдүн алдында кармалып, кийин бошотулган укук коргоочу Азиза Абдирасулова боюнча үн катты.

«Кечээ элдин кыжырына тийген окуядагы укук коргоочу Азиза Абдирасулова боюнча кайрылуулар болуп жатат. Негизи Конституцияга каршы иш алып барып жатабыз. 39-беренеде жарандар чыгып, нааразычылыгын айтканга укуктуу деп жазылып турат. Буга карабастан ушул нерсеге барып жатабыз. Бул жакшы эмес. Бир топ аялдар кармалып отурат. 30 жылда мындай нерсе болгон эмес. Сөз эркиндигин сактайлы. Конституция менен иш алып барсак жакшы болот эле. Болбосо, Түркмөнстандын Конституциясын алып келип, кабыл алып берип, ошол менен иш кылалы», — деди ал.