Депутат Тазабек Икрамов өлкөдөн чыгып кеткен Айбек Осмонов тууралуу пикирин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов айрым кесиптештери боюнча кээ бир жагдайларга өз пикирин билдирди.

«Vl жана Vll чакырылыштын депутаты Айбек Осмонов депутаттык мандат алганга чейин бир күн да мамлекеттик кызматты аркалабай, бизнес менен алектенип келген. Миңдеген жумушчу орундарын түзүп, миллиондогон сом салык төлөдү. Бир тууган Нурбек жана Айбек Осмоновдор кичи мекени Кара-Суу районуна эле эмес, жалпы Кыргызстанга кайрымдуулук иштерин жасап, аны жалпы элге жарыя кылбай жүргөндөрү боюнча маалыматым бар. Ишкерлик кылуу, сырттан инвестиция тартуу, өнөктөштөр менен сапаттуу иштешүү ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Ал эми мындай мыкты сапаттар Айбек Жапаровичте бар. Депутат катары Айбек Осмонов өз округундагы маселелерди көтөрүп, айрымдарын жеринде өз каражаты менен чечип келет. Принципиалдуу маселелерде өз пикири, позициясы бар депутат. Ошондуктан, бүгүнкү күнү депутат Айбек Осмоновдун айланасында түзүлгөн кырдаалда сабырдуу чечим кабыл алып, анын мандаты боюнча сөз жүргөндө кызуу кандуулукка алдырбасак. Азыр ал коллегам ден-соолугуна байланыштуу жылда өтүүчү профилактикалык дарылануу процесси үчүн өлкөдөн тыш аймакта экенин эске алып, эмоциялык билдирүүлөрдөн жана маалымат таратуудан карманып туралык»,- деп жазды ал.

Социалдык тармактын колдонуучулары Райымбек Матраимовго байланышы бар делген Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов эмгек өргүүгө чыгып кеткенин, алардын ушундай жол менен мандатын сактап калууну көздөп жатканын жазып жатышат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Жогорку Кеңештин маалымат кызматына байланышканыбызда, маалыматты тастыкташып, Шайлообек Атазов менен Айбек Осмоновдон акча төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыгуу боюнча арыз түшкөнүн билдиришти. Бирок кайсы убакытка чейин экенин такташкан жок. «Шайлообек Атазов ден соолугуна байланыштуу, ал эми Айбек Осмонов үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу деп арыз жазган»,- дешти.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов “Азаттыкка” берген комментарийинде Түркияга дарылануу үчүн кеткенин айтты. Ал чет жакка чыгып кетишинин саясий негизи жок экенин, бул тууралуу парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге да маалымат бергенин билдирди.