Шейшемби, 17.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Депутат Токторбаев: “Башкы прокуратурада иштеш үчүн жакшы костюм менен туфли эле керек экен”

11:16 07.12.2022
0
Депутат Токторбаев: “Башкы прокуратурада иштеш үчүн жакшы костюм менен туфли эле керек экен”

“Башкы прокуратурада иштеш үчүн жакшы костюм менен туфли эле керек экен”. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.

«Башкы прокурордун кызмат орду Жогорку Кеңештин депутаттарысыз чечилбейт!

30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов экөөбүз прокуратура органдарындагы коррупция тууралуу сөз сүйлөгөнүбүздөн кийин прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү келген. Сурак берүү үчүн мажбурлап Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын имаратына алып барып, 4 саатка жакын кармап сурака алышты.

Башкы прокуратура колуна тийген эбегейсиз бийликке манчыркап, өздөрүн элден бийик сезип, элдин тагдыры менен ойноп көнүп калышкан экен. Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медицина тармагында реформаларды жүргүзүп жакшы иштеп жаткан жеринен, жалган жалаа менен 7 кылмыш ишин козгоп, 1 айга камап элге жаман аттуу кылды. Кийин Башкы прокуратура козгогон кылмыш иши негизсиз болуп тергөөнүн жүрүшүндө бардык кылмыш иштери кыскарды. Башкы прокуратура тарабынан күнөөсү жок адамдарга кылмыш ишин козгоп айлап камаган фактылар көп. Бул адамдар канча моралдык-материалдык чыгымдарды тартышты. Булардын укуктарын ким коргоп, чыгымдарынын ордун толтуруп берет?!

Жогорку Кеңеш бул стратегиялык-режимдик объект. Прокуратура кызматкерлери тоскоолдуксуз ар бир депутаттын кабинетине кирип, мажбурлап суракка алып кетип жатышат. Булар мыйзамдарды жана өз милдеттерин билишпейби эмне? Башкы прокуратурада иштеш үчүн кымбат костюм-шым, кымбат рубашка, кымбат туфли болсо эле болду экен, башкасы деле кереги жоктой. Мен ушундай деп түшүндүм.

Башкы прокуратура аша чаап, өз иш-аракеттери менен Конституциянын 78-беренесин, Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө мыйзамдын 137-беренесин жана Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамдын 24-беренесин одоно бузду. Эгер мамлекетте мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөгөн орган Мыйзам чыгаруучу органдын мүчөсүн Конституцияны одоно бузуу менен ушундай кысымга алып жатса, анда башка жөнөкөй жарандарга кандай кордук көрсөтүп жатат деген суроо туулат!

Жогорку Кеңештин депутаттарына карата Башкы прокуратура тарабынан жасалган одоно мыйзам бузууларды иликтеп, укуктук баа берүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм»,  — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Өлкө башчысы: «Эч кандай төңкөрүш же башка нерсе болбойт»

Өлкө башчысы: «Эч кандай төңкөрүш же башка нерсе болбойт»

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:20 16.02.2026
0

Президент Садыр Жапаров 16-февралда Кабар агенттигине маек берди. — Эгер чындап эле 75 саясатчы дейбизби же депутаттарбы, пландаган максаттары ишке ашып, мөөнөтүнөн мурда...

Президент: «Мен эч бир жакынымды мамлекеттик жогорку кызматтарга жолоткон жокмун»

Президент: «Мен эч бир жакынымды мамлекеттик жогорку кызматтарга жолоткон жокмун»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:54 16.02.2026
0

Президент Садыр Жапаров 16-февралда Кабар агенттигине маек берди. — Эл арасында “досу койдурган министрлерди жана жакын адамдарын кызматтан ала башташты, айрымдары өз...

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев тууралуу: «Ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт»

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев тууралуу: «Ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт»

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:11 16.02.2026
0

Президент Садыр Жапаров 16-февралда Кабар агенттигине маек берди. — Айрым саясатчылар жана айрым аксакалдар менен айрым активисттер “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев өлкөнүн...

Үч министр кызматтан алынды

Үч министр кызматтан алынды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:06 16.02.2026
0

Бүгүн, 16-февралда Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри, Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, Бообек Ажикеев өзгөчө...

Садыр Жапаров: «Башаламандыкта 30 жылда бир саясатчынын жакыны өлгөнүн көрдүңөрбү?»

Садыр Жапаров: «Башаламандыкта 30 жылда бир саясатчынын жакыны өлгөнүн көрдүңөрбү?»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:58 16.02.2026
0

Президент Садыр Жапаров 16-февралда Кабар агенттигине маек берди. — Жогорку Кеңештин депутаттары азыр деле бөлүнүп жатканы байкалып калды. Өткөн жолку маегиңизде “ошолордун...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президент: «Мен эч бир жакынымды мамлекеттик жогорку кызматтарга жолоткон жокмун»

Президент: "Мен эч бир жакынымды мамлекеттик жогорку кызматтарга жолоткон жокмун"

14:54 16.02.2026
Жогорку Кеңештин комитетинде УКМКнын төрагасын жана үч министрди дайындоого макулдук берүү маселелери колдоо тапты

Жогорку Кеңештин комитетинде УКМКнын төрагасын жана үч министрди дайындоого макулдук берүү маселелери колдоо тапты

11:06 17.02.2026
Бишкекте эт жана социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларын көзөмөлдөө боюнча рейддер өткөрүлүүдө

Бишкекте эт жана социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларын көзөмөлдөө боюнча рейддер өткөрүлүүдө

09:45 17.02.2026
Жылдын башкы интригасы ачылды: MBANK берген батирди ким утту?

Жылдын башкы интригасы ачылды: MBANK берген батирди ким утту?

13:03 17.02.2026
Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти

Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти

11:39 17.02.2026
Окуучуларга бир жылда 30 эс алуу күнү каралган

Окуучуларга бир жылда 30 эс алуу күнү каралган

11:09 17.02.2026

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү