Депутат Транспорт министринин орун басарын айыптап, УКМКга кайрылды

Депутат Алишер Эрбаев Транспорт министринин орун басарын айыптап, УКМКга кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Парламент жыйынында депутат Алишер Эрбаев Транспорт министрлигинин жол куруу багытындагы иштерин айтып сындап, министрдин орун басарынын иш-аракеттерине укуктук баа берүү боюнча УКМКга кайрылды.

“Министрдин орун басары, атын атабай эле коёюн, жол курууда өзүнө тиешелүү компанияларды бир катар тендерлерге катыштырып, учурда Ала-Бука районундагы, Жалал-Абад шаарындагы бир катар курулуштарды ошол компания жүргүзүп жатат. Мамлекеттик кызматкердин мындай иштерге аралашуусуна мыйзам жол бербейт”, — деди депутат.