Депутат Түлөбаев: «Профсоюздан бардык курортторду алуу керек»

«Профсоюздан бардык курортторду алып, президенттин иш башкармачылыгына берүү керек». Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал билдирүүдө убагында атагы чыккан эс алуу курорттордун бири Жыргалаңдын сүрөттөрүн да жарыялады. Анын айтымында, талкаланып калган курорт президенттин демилгеси менен оңдолуп жатат.