Депутат Түмөнбаев: «Алмазбек Атамбаевди Соке камаган, досу жооп берсин»

14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 3,5 жылдан кийин абактан чыкты. Бул окуя коомчулукта талкууга алынып турган кези. Ал эми депутаттардын ою кандай?

Депутат Акылбек Түмөнбаев мурдагы президентти абактан чыгышын туура кабыл алганын айтты. «Ал кандай болсо дагы экс-президент. Мамлекет үчүн кызматын кылган. Сот териштирип, аягына чыгат деген ойдомун. Өзүнүн досу Соке камаган. Ал боюнча Соке досу жооп берсин. Убакыт келет, аны мен парламентте да айтам», — деди ал.