«Улукбек деген атка татыктуу болуңуз». Аты окшош экөө ысымдын улуулугун кеп кылышты

«Буга чейинки 31 премьердин эң биринчиси болот деген каалоо-тилегим бар», — деди депутат Улукбек Садиков премьер-министрликке талапкер Улукбек Мариповго.

Анын айтымында, кызматка жаңы келип жаткан адамда аз убакытка келдим деген ой болбошу керек.

Сөзүнүн акырында Садиков “Улукбек деген атка татыктуу болуңуз” деген жеке инсандык суранычын билдирди.

“Улукбектерди уят кылбайбыз”, — деди буга карата Марипов.