Депутат: «Яндекс.Такси» жол акысын себепсиз көтөрүп жатат, мындан эл жапа чегүүдө»

«Яндекс.Такси» Кыргызстандын аймагында миллиондогон акча таап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда комитет жыйынында депутат Акыл Кемелов билдирди.

«Чет элдик компания бир тиркеме (приложение) менен акча төлөбөй жүргөнү… Негизи мамлекетке салык төлөшү керек. Монополияга каршы агенттик менен чогуу иш алып баруу керек деп ойлойм. Себеби, тыгын маалында, жарандардын такси кызматына муктаждыгы болуп турган учурда жарандарга бааларды өтө жогорку коюп жатышат. «Башка эмне кыла алмак эле, шашылыш болсо чакырышат да» деген ойдо болуп жатат да. Такси кызматы бааларын өтө жогорулатпаш керек. Жарандарды кыйнабаш керек», — деди ал.