Депутат үстөк пайызы 8ден ашкан банктарды «адал эмес» деп атоону сунуштады

Бүгүн парламент жыйынында депутат Шайлообек Атазов кыргызстандыктар банк системасынын кулу болуп калганын билдирди.

«Бүгүн Улуттук банк Директорлор кеңеши тууралуу маселени алып келиптир. Эмнеге элдин маселесин алып келбей жатат? Эшикте күндө өзүбүздү өрттөйбүз, асынабыз деген элибиз турат. Кредиттер менен, пайызга акча алуу менен, кан соргон банктар менен элибиз аябай кыйналып кетти. Кыргызстанда кыргыздар банктарга кул болуп иштеп атат. Кичинебизде банктар насыяны 10-20 пайыз менен берет деп укчу элек. Азыр 45 пайызга чыгып кетиптир. Менде мындай сунуш бар, акчаны пайызга бергенде, канча пайыздан өткөндөн кийин адал болот? Биз 8 пайыздан өткөн банктарды адал эмес деп койбойлубу? Акыркы килемин, акыркы уюн, акыркы үйүн берип, энелер ыйлап атат. Процент элди кыйнап бүттү. Муну чечүүнүн жолу барбы? Кээ бир банктар чегинен чыгып кетти го», — деди депутат.

Буга Улуттук банктын төрагасынын орун басары Айнура Тезекбаева адам катары өзүн өрттөйм деген аялдарды түшүнөрүн, бирок базар экономикасында пайыздар суроо-талап менен сунуштун негизинде түзүлөрүн айтты.

Депутат Улуттук банк төрагасынын орун басарынын расмий тилде жооп бергенин жактырган жок. «Мамлекеттик тилди сыйлайсызбы, мамлекеттик тилде сүйлөңүз. Мен өзүмдү Улуттук банктын чогулушунда отургандай сезип кетип жатам», — деди Атазов.