Депутат Замирбек Мамасадыков Ноокен, Аксы райондоруна барды

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков Ноокен районуна караштуу Шамалды-Сай шаарындагы жана Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы бир нече курулуштар менен жеринде таанышты.
Эл өкүлү Шамалды-Сай шаарындагы борбордук стадиондун, шаардык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу менен жана 108-кесиптик лицейинин капиталдык оңдоо иштери менен таанышты. Ошондой эле №55 К.Осмонкулов, №56 М.В.Фрунзе мектептерине кошумча окуу корпусун куруу долбоорлорун да көрүп чыкты.