Өлкөнүн айрым райондору бир мандаттуу округдук шайлоодо мандатсыз калат. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Бакиров парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бир мандаттуу округдар айрым аткаминерлердин кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн. «Азыр биз Кара-Кулжаны Алай жана Чоң-Алай аймактары менен бириктирдик. Ош облусунда бир гана Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөндүн экиден мандаты бар, калгандары — бирден. Ал тургай Оштун да бир мандаты бар. Бул кимдир бирөөнүн оюну», — деди ал.
Шайлообек Атазов анын пикирине кошулуп, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы парламентке чакырууну талап кылды. Депутат Улан Примов дагы Кара-Кулжа аймагында өзүнчө шайлоо округу болуш керек деп эсептейт.
БШКнын маалыматы боюнча, Ош облусунда 898 миң 569 шайлоочу бар, 9 округ түзүлгөн.