Депутаттар бүрсүгүнү ишке чыгышат

1-сентябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылат. Иш-чара саат 10:00дө парламенттин жалпы жыйындар залында өтөт. Депутаттар каникулга 29-июлда кетишкен. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 28-ноябрда өтөт.