Депутаттар каникулга тарады

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин VII сессиясынын иши жыйынтыкталды. Жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен аяктады.

Конституциянын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.