Депутаттар Атазов менен Осмонов Матраимов менен байланышы тууралуу кептерге реакция кылышты

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары коррупция боюнча соттолгон Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу «Регион» телеканалынын сюжетине реакция жасашты. Видеодо депутаттардын мандаттарын тапшырышы керектиги кыйытылган. Алар Матраимов менен байланышы жок экенин айтышууда.

Депутат Айбек Осмонов Райымбек Матраимов менен байланышы жок экенин, бир райондон экенин, ошондуктан аны тааный турганын “Азаттыкка” билдирди. «Регион» эмнеге негиздегенин билбейм. Муфтияттын имаратынын ачылышына Искендер Матраимовдун чакыруусу менен бардым. Бизге депутаттар отурчу орундарды көрсөтүштү. Матраимов да ошол жерге отурду. Балким ушундан улам байланышы бар деп жатышы мүмкүн», — деген ал.


Депутат Шайлообек Атазов Kaktus.media сайтына комментарий берип жатып, анын мандатынын тагдырын эксперттер чече албайт деп билдирди. «Биздин тагдырыбызды эксперттер чечеби? Эл бизге мандатты берди, эл алат. Чындыгында, депутаттык мандат бакыт эмес жана бизди бейишке алып барбайт»,— деди ал.