Депутаттык комиссия Жээнбеков менен Зулпукаровду камактан бошотууну тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы камактагы эл өкүлдөрү Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду тез арада бошотууну тапшырды. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Канатбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, комиссия депутаттар процедураны бузуу менен камалган деген бүтүм чыгарган. «Депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров көпчүлүк депутаттардын макулдугусуз камакка алынган. Ошондуктан алар бошотулушу керек. Комиссия депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунушун негизсиз деп тапты. Анткени депутаттык комиссиянын отчетун карап, токтомду кабыл алууда парламент Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жана мыйзамдарын карманган”, — деди Канатбек Исаев.

Ал эми жыйынга Бакытбек Жетигеновдун жактоочулары келбей, ага карата чечим чыкпай калганы да талкуу жаратты. Айрым эл өкүлдөрү адилеттүүлүк үчүн ага карата да чечим чыккан соң, үч депутаттыкын бирге карашыбыз керек деген ойлор айтылды.