Динара Молдошева Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча агенттиктин директору болуп дайындалды

Молдошева Динара Автандиловна Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Динара Молдошева Жогорку Кеңештин IV чакырылышына “Ак жол” фракциясынан депутат болгон. 2010-жылы апрель төңкөрүшүнөн кийин ал Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясына өткөн.