Диплом чуусунан улам Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандатын “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Чынберди Төлөновго өткөрүп берди.

Төлөнов Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк берилип, төш белги берилди.

Ал жасалма диплом чуусунан кийин мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна келген.