Добуш берүү аяктады. ИИМ тарабынан 12 сааттын ичинде 68 факты катталды

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшүндө ИИМ тарабынан жалпы 68 факты катталды. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 8, Чүйдө 24, Ош шаарында 9, Ош облусунда 7, Баткенде 6, Нарында 9, Таласта 3, Ысык-Көлдө 1 жана Жалал-Абадда 1 факты катталды. “Жеринде териштирүү иштери жүрүүдө. Алар мыйзамга ылайык каралат. Фактылар дагы көбөйүшү мүмкүн”, — дейт ал.