Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аталган кызмат ордуна дайындоо үчүн анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.