«Донорду өзү табат». Садыр Жапаров бөйрөккө бекер операция жасоонун шартын түшүндүрдү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде «Өлкөдө өзүбүз бөйрөккө операция жасоону баштадык. Бөйрөк алмаштырууга кеткен 7-8 миң долларды өкмөт төлөп берет» деди. Анын шарттары тууралуу президент айтып берген.

— Шарттары кандай?

— Бейтап донорду өзү табат. Бул – иниси, байкеси, эжеси, сиңдиси деген сыяктуу жакын туугандары жана эң башкысы, генетикалык жактан дал келүүсү. Муну бейтаптар өздөрү жакшы билишет. Жакында эле донор боло алчулардын тизмегин кеңейтүүгө жол берген мыйзамга кол койдум.

Донор табылган соң бейтап дагы, донор дагы кадимкидей эле тийиштүү анализдерди тапшырып, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, операцияга даярданышат. Андан кийинки процедуралары боюнча суроолоруңар болсо, министрликке кайрылсаңыздар болот.