Дүйнөлүк банк өлкө мектептерине 25 миң компьютер алууга көмөктөшөт

Жакын арада биргелешкен долбоорлордун алкагында өлкөдөгү 1200 мектеп 25 миң заманбап компьютердик техника комплекти менен жабдылат. Бул туурасында биринчи вице-премьер Артем Новиковдун Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Накви менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Биринчи вице-премьер-министр Дүйнөлүк банкка экономикалык кризистин кесепеттери менен күрөшүү жана коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыразычылык билдирди.

«Жакын арада биргелешкен долбоорлордун алкагында 1200 мектеп 25 миң заманбап компьютердик техника комплекти менен жабдылат. Республикалык ооруканада компьютердик томографтарды орнотуу боюнча иштер ыкчамдатылып, ишке киргизилип жаткан «Мектеп медицинасы» долбоорунун алкагында мектептердеги медициналык кабинеттерди жабдуу тууралуу маселе иштелип чыгат, ошондой эле айыл чарбаны, кичи жана орто бизнести колдоого алуу боюнча долбоорлор талкууланды», — дешти өкмөттүн маалымат кызматынан.

Артём Новиков өкмөт тараптан долбоорлорду ишке ашырууда кечиктирүүлөр болбой турганын убадалады. Ошондой эле Кыргызстандагы экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган, аны ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын катышуу ыктымалдыгы каралган сунуштар жана долбоорлор даярдалат.