«Эч кандай таарынычым жок». Азимбек Бекназаров элчилик кызматтан алынышы боюнча комментарий берди

Саясатчы Азимбек Бекназаров Бишкектеги маалымат жыйында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан алынышы боюнча комментарий берди.

Ал белгилегендей, мурунку бийлик аны дипломатиялык өкүл болууга жарым жылдай көндүргөн. Жыйынтыгында Бекназаров макул болуп, 2020-жылы элчи болуп дайындалып, анын кызматында эки жылдан ашык иштеген.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы аны кызматтан алуу тууралуу билдирүү таратканда ал бул жарлыкты талап кылып, кандай негизде, кайсы коллегия чечим кабыл алганын билүү үчүн Тышкы иштер министрлигине да кайрылган. «8-августта Тышкы иштер министрлиги токтом чыгарган, анда эч кандай мотивациялоочу бөлүгү жок. Мен иштеп жүргөндө эч кандай сын-пикирлер жана даттануулар болгон эмес», — деп баса белгиледи ал. 

«Менде эч кандай таарыныч жок. Президенттин кызматтан алуу же дайындоо укугу бар», — деп кошумчалады.