Эдил Байсалов: «Мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес»

«Биздин өлкөдө социалдык төлөмдөрдү төлөөчүлөр аз». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди.

Анын айтымында, социалдык төлөмдөрдү төлөөчүлөрдү негизинен ири компаниялар түзөт. «Негизинен биздин экономикада иштегендер — базарда отургандар болобу, дыйкандар болобу, мигранттарыбыз болобу, негизинен элибиздин көпчүлүгү ФОМСко дагы, Соцфондго дагы эч кандай төлөмдөрдү төлөбөйт. Ошондуктан биз жарандарга пенсияга акча топтоо керектигин, мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес экенин түшүндүргүбүз келет», — деди ал.